Site icon Reporter.kg

Казакбаев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Руслан Казакбаев Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Руслан Казакбаев 1967-жылы 18-майда Талас облусунун Бейшеке айылында туулган.

Билими жогору. 1991-жылы Фрунзенин политехникалык институтун, 2002-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангга ээ.

Эмгек жолу:

  • 1992-1994 –КР Илимдер академиясы
  • 1995-1996 – КР ТИМдин консулдук башкармалыгынын үчүнчү катчысы, экинчи катчысы
  • 1996-1999 – Стамбул шаарындагы КРнын Башкы консулчулугунун вице-консулу
  • 1999-2005 — КР ТИМдин консулдук кызматынын кеңешчиси, бөлүм башчысы, Башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, жетекчиси
  • 2005-2008 — Стамбул шаарында КРнын башкы консулу.
  • 2008-2009 — КРнын тышкы иштер министринин биринчи орун басары
  • апрель, 2010 – сентябрь, 2012 — КРнын тышкы иштер министри
  • октябрь, 2015 — «Республика – Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутат болуп шайланган.

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version