Site icon Reporter.kg

Куурчак театрдын директору Куланбаев элдин колдоосуна муктаж

М. М.Жангазиев атындагы куурчак театрынын директору Болот Куланбаев автокырсыкка кабылып, учурда элдин колдоосуна муктаж болуп турат. Бул туурасында аталган театрдын коллективи социалдык тармактар аркылуу билдиришти.

Маалыматка караганда, Болот Куланбаев жубайы менен бирге жол кырсыгына кабылып, 4-оорукананын травматология бөлүмүндө жатышат. Ал өз убагында театралдык жана маданий ишмердүүлүгүндө көптөгөн чыгармачыл коллективдер менен иштешкен.  Келерки аптада хирургдардын эки бригадасы бир убакта эки бутуна операция жасашат. Ошондон улам ага шашылыш түрдө операция жасоого каражат, кан жана реабилитациядан кийинки мезгилге коляска ж.б.у.с. керектүү шаймандарга муктаж.

“Урматтуу кесиптештер, мекеме жетекчилери, ал үчүн бул оор мезгилде четте калбайсыңар деп ишенебиз… Урматтоо менен куурчак театрдын коллективинин атынан”— деп айтылат кайрылууда.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Exit mobile version