Site icon Reporter.kg

Айыл-чарба: Кыргызстан Венгриядан тажрыйба алууга кызыгып жатат

Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фондунун ийгиликтүү ишмердүүлүгү эки өлкөнүн агроөнөр жай тармагындагы кызматташтыгын бекемдеп, пландаштырылган инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Бул тууралуу Бишкек шаарында өтүп жаткан кыргыз-венгер агроөнөр жай форумунун жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, Кыргызстандын жана Венгриянын кызматташтыгы жогорку деңгээлде турат жана өзгөчө экономиканын агроөнөр жай тармагында динамикалуу жана интенсивдүү мүнөзгө ээ.

«Өкмөттөр аралык жана секторлор аралык деңгээлде мамлекеттердин ортосунда диалог жүргүзүлүүдө. Өз ара сапарлардын жана жолугушуулардын алкагында айыл чарба, туризм жана энергетика тармагындагы кыргыз-венгер мамилелерин өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары козголду. Кыргыз тарап мал чарбасы, үрөнчүлүк, балчылык, тамак-аш кайра иштетүү жана жогорку технологияларды жана инновацияларды колдонуу, айыл чарба тармагында илимий-технологиялык парктарды түзүү боюнча Венгриянын тажрыйбасын жайылтууга кызыкдар», — деди ал.

Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фонду уюштурган форумга ишкерлер, кыргыз жана венгриялык компаниялардын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жана каржы институттарынын өкүлдөрү катышты.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Exit mobile version