Site icon Reporter.kg

Таласта мал ээси коюна тиш салдырды

Талас облусунда малчы өз коюна  тиш салдырды. Бул туурасында маалыматтар социалдык түйүндөргө тарады.

Андагы маалыматка караганда, ал мал ээси  карып калган “Арашан” пародасындагы коюна тиш салдырган.

Бирок, эмне себептен алтын тиш салдырганы эч жерде айтылган эмес. Ал эми сүрөтүн блогер Кундуз Ажибекова Фейсбукка жүктөдү.

Белгилей кетсек,  козулардын баасы 500 доллар, чоң койлордун баасы 5 миң долларга, ал эми кочкорлордун баалары 25-30 миң долларга чейин жетет.

6 миңге жакын Арашан койлору Кыргызстанда багылааары айрым маалыматтарда айтылат.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз

 

 

Exit mobile version