Жайыл районунда каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«12-ноябрь күнү жабырлануучу милиция кызматкерлерине кайрылып, ошол эле күнү саат 22.00дөр чамасында Кара-Балта шаарынын Кожомбердиев көчөсүнөн белгисиз адамдар күч колдонуп, анын 16 миң сому, смартфону, пенсиялык күбөлүктөрү менен банк картасы салынган сумкасын алып кетишкенин билдирген. Тоноо фактысы боюнча кылмыш иши козголду», — деп айтылат маалыматта.
Кылмышка шектүүлөр табылып, камакка алынды. Алар 19, 16 жана 15 жаштагы шаардын тургундары болгон. Кармалгандардын улуусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жашы жете элек балдар ата-энелеринин камкордугуна берилет. Тергөө иштери уланууда.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз