Site icon Reporter.kg

Казакстанда аба ырайына карата унаа жолдорго чектөө кирди

Казакстанда аба ырайына байланыштуу унаа жолдордо кыймыл чектелгенин КазТаг жазып чыкты.

«Чыгыш Казакстан облусунда абанын температурасынын (-32) төмөндөшүнө байланыштуу саат 19.00дөн тарта облустун аймагында жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарга жана дизелдик кыймылдаткычтар менен жабдылган жеңил унаалардын кыймылдарына чектөө киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Exit mobile version