Site icon Reporter.kg

Окуучулардын тамак-аштарына каражат көбөйтүү сунушталууда

Билим берүү министрлиги 2023-жылдын 1-январынан тарта жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстарынын окуучуларына тамактануу үчүн белгиленген базалык сумманы 7 сомдон 20 сомго чейин жогорулатууну сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Маалым болгондой, 2018-жылдан тарта 1-4-класстын окуучулары үчүн булочка менен чайдын ордуна толук кандуу ысык тамак берүү чечими кабыл алынган.

Бирок азык-түлүктүн баасы кескин көтөрүлгөнүнө байланыштуу айрым мектептер окуучулардын тамагын булочка жана суусундукка алмаштырууга аргасыз болгон. Бул тамак-аштын калориялуулугун бир топ төмөндөтүүдө.

Мыйзам долбоорунун авторлору мектептеги эртең мененки тамак окуучунун күнүмдүк рационунун 25% ээлеши керектигин баса белгилешүүдө. Башкача айтканда, окуучулар эртең менен 550 килокалория алышы керек.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version