Борбор калаанын тургундарын жана конокторун муниципалдык жана жеке коомдук транспорттор тейлейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу ишканасынын 39 автобусу, «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсынын 66 автобусу, «АламүдүнАвтоТранс МП» ишканасынын 3 автобусу, 118 троллейбус, Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгынын 333 кичи автобусу жана жеке жүргүнчү фирмалардын 542 кичи автобусу каттамда иштеп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз