Site icon Reporter.kg

Бишкек — Ош унаа жолу: Унааларга кирген чектөө алынды

Бишкек-Ош унаа жолунун 80-чакырымында жайгашкан Сосновка постунда 2023-жылдын 03-январында саат 18:30дан тартып жүк ташуучу унааларга, 2023-жылдын 04-январында саат 11:20дан тартып мунай зат ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды. Азыркы учурда унаалардын баардык түрүнө жол ачык. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда,  Суусамыр өрөөнүндө жана Төө-Ашууда кун бүркөк, кар, жаан жок. Унаалар эки тарап өтүүдө. №9 ЖТИсы тарабынан жолго кум, шагыл себуу иштери жүргүзүлүүдө. Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында 127-УРАЛ унаасы нөөмөттө турат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version