Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда суперкомпьютердин бет ачары болду

Бүгүн, 20-ноябрда, министрлер кабинетинин жыйында мамлекеттик тилди, илимди жана техниканы өнүктүрүүгө багытталган суперкомпьютердин жана жасалма интеллект долбоорунун бет ачары болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын алкагында 2022-жылы министрлер кабинети секундасына 1 квадриллион операцияны аткарууга мүмкүндүк берген кубаттуулугу 1 петафлоп болгон NVIDIA суперкомпьютерин сатып алууга каражат бөлгөн.

Учурда КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жана «Улут Софт» компаниясы кыргыз тилиндеги маалыматты иштеп чыгуучу жасалма интеллектти киргизүү боюнча долбоордун үстүндө иштеп жатышат.

Келечекте жасалма интеллект текстти кепке, кепти текстке айландырууга, тексттерди талдап, түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул программалар илимий жана билим берүү чөйрөсүндө, стенографияда, массалык коммуникация тармагында колдонулушу мүмкүн.

«Бул долбоордун мамлекет үчүн, келе жаткан жогорку технология жана жасалма интеллект доорунда кыргыз тилин сактап калуу жана жайылтуу үчүн стратегиялык мааниси чоң. Мамлекет башчынын чечими менен кубаттуулугу секундасына 1 квадриллион операцияны аткарууга мүмкүндүк берген суперкомпьютерди сатып алууга каражат бөлүндү. Бүгүн биз анын мүмкүнчүлүктөрүн республиканын бүткүл илимий-техникалык чөйрөсү, бардык кызыкдар мамлекеттик жана коомдук органдар колдонууга сунуштап жатабыз», — деди Эдил Байсалов презентацияда.

Анын айтымында, бардык ресурстарга кыргыз тилинде, башкача айтканда, акыркы техникалык ойлоп табууларга, заманбап технологияларга, билимдерге, жасалма интеллектке жетүүнү камсыз кылуу керек.

«Биз ар кандай технологиялык жардамчылардын да кыргызча сүйлөсүн камсыз кылышыбыз керек. Бул баарыбыз үчүн маанилүү, бирок өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн. Суперкомпьютер ата мекендик илим менен экономиканын кызыкчылыгы үчүн суткасына 24 саат иштеши керек. Жабдууларды мамлекеттик мекемелер, билим берүү мекемелери жана кызыкдар тараптар колдонсо болот», — дейт Эдил Байсалов.

Иш-чаранын жыйынтыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча бир катар милдеттер коюлду, анын ичинде Википедиядагы кыргыз тилиндеги макалалардын санын кыйла көбөйтүү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version