Site icon Reporter.kg

Экс-депутат Самат Ибраевдин уулу Болгариядан кармалды

ИИМдин Интерполу аркылуу издөөдө жүргөн жаран Болгариядан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросу тарабынан издөөдө жүргөн “маталлист” каймана аттуу жаран Болгариядан кармалды. 2019-жылдын декабрь айында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы бир катар алдамчылык аракеттерин жасаган жаран Д. Ибраевге карата издөө ишин козгогон. Ал ири курулуш компанияларынын жетекчилеринин ишенимине кирип, курулуш обьекттерине материалдарды ташып берүүнү убадалап, 19 821 000 АКШ долларындагы акча каражатына ээ болгон. Акча каражатын алган соң, жаран Д. Ибраев изин жашырып кеткен. Белгилүү болгондой, ал Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунан өтүп, Казакстандын аймагына өтүп кеткен.

2020-жылдын февраль айында жаран Д.Б. карата Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган. 2020-жылдын 27-февралында ал Болгариядагы София борборунан Интерпол Улуттук борбордук бюросу тарабынан кармалып, камакка алынган.

Бирок, Д.Ибраев адам укуктары боюнча Европалык сотко , андан сырткары, Болгариянын компетенттүү органдарына кайрылып, адам укуктарын коргой турган өлкөнү издеп жүргөнүн билдирген. Коргоо тарап экстрадициялоо боюнча чечимге арызданышкан. Апелляциялык сот болсо, үй камагына алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандаган.
2022-жылдын май айында, Болгариянын Варна шаарынын райондук сотунун чечими менен Д. Ибраевге эч жакка чыкпоо жөнүндөгү бөгөт чарасы камакка алуу түрүндөгүгө өзгөрүлгөн. Бирок, анын кайда жүргөндүгү белгисиз болгон.

2023-жылдын 18-январында Кыргызстандын ИИМдин интерпол Улуттук борбордук бюросунун кайрадан жөнөтүлгөн кайрылуусу боюнча эл аралык издөөдө жүргөн 1992-жылы туулган Д.Ибраев Болгариянын Интерполу аркылуу кайрадан кармалып, камакка алынды.

Азыркы учурда компетенттүү органдар аны өз өлкөсүнө экстрадициялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version