Site icon Reporter.kg

Эртеңден тарта кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, Кытай тараптын демилгеси менен жаз майрамын белгилөөгө байланыштуу “Торугарт” жана “Эркечтам” кыргыз-кытай тилкесиндеги өткөрмө пунктары 21-24-январь күндөр аралыгында убактылуу жабылат.

25-январдан тарта аталган өткөрмө пунктар аркылуу унааларды жана жүктөрдү өткөрүү кайра жанданат.

УКМКнын Чек ара кызматы “Торугарт-автожол” көзөмөл-өткөрүү пункту Кытайдан Кыргызстанга транспорт каражаттарын жана жүктөрдү гана өткөрүүнү караган атайын алгоритм боюнча ишин улантып жатканын эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version