Site icon Reporter.kg

Эки күн Бишкек менен Чүйдө унаа кыймылына чектөө кирет. Тизме

26-27-январь күндөрү   Чүй облусунун жолдору жана Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-27-январь күндөрү Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Мамлекеттик иш сапары менен келээрине байланыштуу, кошуна өлкөнүн делегацияларын тосуп алуу жана коштоп жүрүү учурларында, Чүй облусунун айрым жолдору жана Бишкек шаарынын көчөлөрүндө  төмөнкү көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.

— Манас аэропортунан баштап, Бишкек шаарынын чегине чейин;

— Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин;

— Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнөн, Манас проспектисине чейин;

— Манас жана Ч. Айтматов проспектилери менен Чүй проспектинен тартып, Мамлекеттик резиденциясияга чейин;

— Мамлекеттик резиденциядан  Дооронбек Садырбаев көчөсү менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине чейин.

 Ошондой эле, жогорудагы чектөөлөр киргизилген көчөлөргө авто унаа каражаттарын токтотпоону, жол кыймылынын эрежелерин бузуп, карама-каршы тилкеге чыкпоону өтүнөбүз”-деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалууда. Өлкө лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат. Мындан тышкары бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда. Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келет

Exit mobile version