Чүйдө унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Жабырлануучунун арызына караганда, кылмыш 2022-жылдын 29-декабрында Аламүдүн Лебединовка айылында болгон. Анын мас абалдагы жакын таанышы Land Rover унаасын уурдап кетип, кырсыкка учураган.
Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси («Автотранспорт каражатын уурдоо») менен каттоого алынган.
Аламүдүн РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган З.У. кармалган. Ал убактылуу кармоочуу жайга камалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз