Site icon Reporter.kg

Мамкурулуш комиссиясы Ысык-Көлдөн мыйзамсыз объекттерди тапты

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ведомстволор аралык комиссиясы Ысык-Көл районунда 29 мыйзамсыз объектини аныктады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, 10 күндүн ичинде комиссия Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда 29дан ашык мыйзамсыз курулуш объектини аныктады.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча материалдар укук коргоо жана сот органдарына өткөрүлүп берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version