Site icon Reporter.kg

Чаткалда электр өчтү. Кошумча бригада көчкүдөн өтө албай турат

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы калың жааган кардан улам курулуш фидеринде авариялык өчүү катталып, калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, 110/35/10 кВ «Жаңы -Базар» көмөк чордонунан чыккан 10 кВ Курулуш фидеринде электр жарыгы авариялык негизде өчкөн.

Ал эми азыркы учурда Ак-Таш айылында электр жарыгы жок. Айылдагы электр монтерлор текшерүү жумуштарын жүргүзүүдө. Кошумча бригада ортодогу ашуудан тынбай кар көчүп коркунуч жаралгандыктан, өтө албай турат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version