Site icon Reporter.kg

Казакстанда журналисттерге кол салган 18 киши кармалды

Астана жана Алматы шаарларында журналисттер менен блоггерлерге кол салууга байланыштуу 18 адам кармалганын КазТАГ билдирди.

«Журналисттерге жана блогерлерге каршы мыйзамсыз аракеттерди жасаган 18 адам кармалды», — деп айтылат шейшембидеги билдирүүдө.

Белгиленгендей, 2022-жылдын сентябрынан 2023-жылдын 20-февралына чейин Алматы жана Астана шаарларында алты журналист менен блогерге, ошондой эле алардын ишмердүүлүгү менен байланышы бар бир адамга карата бир катар мыйзамсыз аракеттер жасалган.

«Жабырлануучуларга карата кыймылсыз мүлккө атайылап зыян келтирүү, автоунааларды өрттөө, аларга ар кандай буюмдарды жеткирүү жолу менен коркутуу, жабырлануучулардын даректерине террордук акт тууралуу атайылап жалган билдирүүлөр жана жеке маалыматтарды интернетке таратуу фактылары аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, бул кылмыштардын бетин ачуу үчүн Ведомстволор аралык тергөө жана ыкчам топ түзүлдү.

Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 115 (коркутуу), 147 (жеке жашоо тууралуу маалымат таратуу), 158 (журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук кылуу), 202 (башка бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу), 293 (бейбаштык) беренелери боюнча 20 кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

«Учурда бул фактылардын баары ачыкталып, бул кылмыштарды жасоого катышкан 18 адам кармалды. Далилдерди топтоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп ишендирди ИИМ.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version