Site icon Reporter.kg

Бакиров Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагалыгынан бошотулду

Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Анын башка буйругу менен бул  бош орунга Канатбек Тургунбеков дайындалды. Буга чейин ал Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматын жетектеп келген. Ал 2020-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо “Кыргызстан” партиясынын штабын жетектеген. Андан соң  Садыр Жапаровдун шайлоо штабын жетектеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version