Site icon Reporter.kg

Курманбек Бакиев Дубайдагы жолугушуу боюнча үн катты

Мурдагы президент Курманбек Бакиев Кыргызстандын экс-президенттеринин жана учурдагы өлкө башчынын Дубайдагы жолугушуусу боюнча Nazarnews.org сайтына маек берген.

Журналисттин “Президент Садыр Жапаровдун бардык президенттерди жолуктуруу демилгесин кандай баалайсыз?” деген суроосуна төмөндөгүдөй жооп берген.

“Сөзсүз түрдө оң баалайм. Бул демилге анын саясатчы катары жетилгенин көрсөтөт, биздин мамлекет үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө үчүн дагы азыркы опурталдуу абалда ал коомду ынтымакка келтирүүнү көздөп жатат, ал жолугушууда Садыр Жапаровдун өзүнүн жеке кызыкчылыгы болгон эмес. Бардык маселелер менен байланыштуу ал мурдагы президенттерди туш келди күнөөлөп-сындап, популизм жолун тандап алса болмок, бирок Жапаров оңой эмес, анткен менен туура жол тандады жана бул – анын адам катары дагы, саясий жактан да өскөнүн көрсөтөт”- деп билдирген.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров мурдагы президенттер менен жолугушканын 18-февралда «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жарыя кылган.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев жолугушуу болгонун ырастап, ага Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышкан билдирген.

19-февралда ал жолугушуу тууралуу Алмазбек Атамбаев үн катып, жолугушуу тууралуу учкай айтып өткөн.  Сооронбай Жээнбеков дагы үн каткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version