Site icon Reporter.kg

Казакстан: Билимдүү жаштардын теңи өз кесиби менен иштебейт

Казакстанда жогорку билимдүү жаштардын 40%дан ашыгы өз кесиби менен иштебейт. Бул тууралуу КазТаг жазып чыкты.

Маалыматка караганда, көз карандысыз уюмдардын сурамжылоолоруна ылайык, жогорку билими тууралуу диплому бар казакстандык жаштардын 40%дан ашыгы өз кесиби менен иштебейт.

«Казакстан жаштары-2022» улуттук баяндамасында айтылгандай,  2021-жылы казакстандык бүтүрүүчүлөрдүн 30%дан ашыгы жумуш таба алган эмес.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн изилдөөчүлөр бейформал билимди таануу жана микроквалификацияларды практикага киргизүү пландаштырылууда деп эсептешет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version