Site icon Reporter.kg

Таласта оорукана жетекчилиги 2 млн сом зыян келтирди

Таласта оорукананын жетекчилиги кызматкерлердин эсебинен акча өндүрүп жүргөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Талас районунун жалпы дарыгердик практика борборунун администрация жана бухгалтериясына карата тергелип жаткан кылмыш иши аяктады.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2020-жылдын январынан тарта Талас районунун жалпы дарыгердик практика борборунун кызматкерлерине эмгекке катышуу коэффициенти (ЭКТ) түрүндөгү эмгек акысына кошумча акы төлөнбөй келгени аныкталган, себебин медициналык кызматкерлердин негизги эмгек акысына коэффициент кошулган деп билдиришкен.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган борбордун жооптуу адамдары кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, административдик-башкаруучу персоналга жана бухгалтерияга негизсиз түрдө эмгек акы фондунун үнөмдөлгөн каражаттарынан эмгек акы өндүрүп жүрүшкөнү аныкталды.

Жалпысынан 2020-2021-жылдар аралыгында аталган Жалпы дарыгердик практика борборунун административдик-башкаруучу персоналы жана бухгалтериясы тарабынан мамлекетке 2 млн 181 миң 260 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучулар тарабынан келтирилген зыяндын орду толук толтурулган.

Кылмыш иши тергөөнүн аякташы менен кароо үчүн сотко жиберилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version