Site icon Reporter.kg

Жапаров Ташкенттеги «IT Park Uzbekistan» комплексине барды

Өзбекстанга жумушчу сапары менен жүргөн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ташкент шаарындагы «IT Park Uzbekistan» комплексинин иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  «IT Park Uzbekistan» директору Фарход Ибрагимов маалымадагандай, Өзбекстандагы алгачкы IT Park 2019-жылдын 24-июлунда ачылган.

Анын айтымында, «IT Park Uzbekistan» компаниясынын негизги максаты – рынокто келечектүү стартап-долбоорлорду ишке киргизүү жана илгерилетүү, анын ичинде илим жана билим берүү уюмдары менен интеграциялоо аркылуу IT-компаниялар үчүн эркин экономикалык аймакты түзүү.

«IT Park Uzbekistan» комплексине болгон сапардын жыйынтыгында Акылбек Жапаров Кыргызстан стартаптарды генерациялоо жана илгерилетүү үчүн шарттарды түзүү боюнча Өзбекстан топтогон тажрыйбаны жигердүү колдонуусу керектигин белгиледи.

«Келечек жашоонун ар кандай чөйрөлөрүндөгү инновациялык технологияларга жана IT-чечимдерге таандык. Биз динамикалуу өнүгүп жаткан санариптик дүйнөнүн ажырагыс бөлүгү болуп, дүйнөлүк тенденциялардан артта калбашыбыз керек», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version