Site icon Reporter.kg

Дүйнөдө эң сапаттуу өлкөлөрдүн тизмеси жарыяланды

Дүйнөдөгү эң чоң аналитикалык маалымат базасы “Numbeo” 2023-жылдын башына карата жашоонун сапаты боюнча изилдөө жүргүзгөн. Анда Нидерланды, Дания, Швейцария, Люксембург жана Финляндия өлкөлөрүндө жашоо сапаты эң жогору экендиги айтылат.

Изилдөөдө жашоо сапаты сегиз багыт боюнча каралган. Анда ар бир индекс 0дон 200гө чейинки шкала менен өлчөнгөн. Ага ылайык, Нидерланды (196,7), Дания (194,7), Швейцария (193,6), Люксембург (192,9),Финляндия (190,5), Исландия (187,5), Австрия (185,8), Оман (184,7), Австралия (183,0), Норвегия (182) балл алган.

Аталган аналитикалык агенттиктин маалыматына ылайык, Кыргызстандын орточо индекси 92,54тү түзөт. Бул өлкөдө жашоо сапаты өтө төмөн деңгээлде дегенди билдирет.

“Изилдөөдө сатып алуу жөндөмдүүлүгү (анын ичинде ижара акысы), коопсуздук, саламаттыкты сактоо, жашоонун наркы, мүлктүн баасынын кирешеге катышы, жолго кеткен убакыт, абанын кирдүүлүгү жана климат каралат. Сатып алуу жөндөмдүүлүгү, жашоонун наркы жана мүлктүн баасына карата кирешенин катышы – бул өлкөнүн жашоо деңгээлине түздөн-түз байланыштуу болгон жарандын каржылык мүмкүнчүлүгүн көрсөтөт”, — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version