Site icon Reporter.kg

Иранда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду

Ирандын түндүк-батышындагы Батыш Азербайжан провинциясында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду.

Ирандын Улуттук сейсмологиялык борборунун маалыматы боюнча жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:17де Түркия менен чек арага жакын жайгашкан Хой шаарында катталган.

Жер титирөөнүн очогу 16 чакырым тереңдикте болгон.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жер титирөө Урмия жана Тебриз шаарларында сезилгенин кабарлашты.

Иран Кызыл Жарым Ай коомунун кызматкерлери жер титирөөдөн кийин дароо кырсык болгон аймакка жөнөтүлгөнүн коомдун Батыш Азербайжандагы өкүлү Хамид Махбуби билдирди.

Махбуб курман болгондор жана кыйроолор тууралуу толук маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.

28-январда Хой шаарында күчү 5,8 баллга жеткен жер титирөө болуп, 3 адам каза болуп, 1167 адам жаракат алган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version