Site icon Reporter.kg

Ооганстандагы жер силкинүү Казакстанга сезилди

Казакстандын Сейсмологиялык эксперименталдык-методикалык экспедициянын маалыматына ылайык, Ооганстандагы жер титирөөнүн күчү Шымкент жана Тараз шаарларында сезилген. Бул тууралуу КазТаг жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 21-март күнү Алматы убактысы боюнча саат 22:47де Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сейсмикалык станциялар тармагы тарабынан жер титирөө катталганы аныкталды.  Жер титирөөнүн очогу Алматыдан 848 км түштүк-батышты карай Ооганстан тарап жагында болгон.  Жер титирөөнүн энергетикалык классы 16.1. Магнитудасы MPV 7,8 деп эсептелинүүдө.

Сейсмологдордун айтымында, 3 баллга жеткен жер титирөө Шымкент жана Тараз шаарларында сезилген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version