Site icon Reporter.kg

Клара Сооронкуловага пневмония деген диагноз коюлду

Бийликти күч менен басып алуу максатында массалык баш аламандык уюштурууга аракеттенген деген айып менен Бишкек СИЗО-1де камакта жаткан Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкуловага соттук териштирүүнүн медициналык бөлүмүнүн дарыгерлери пневмония диагнозун коюшту. Бул тууралуу активист Ольга Труханова Фейсбук баракчасына жазды.

«Бул кыйноолор качанга чейин уланат? Хаос, Садыр Жапаров, бул үрөйдү, мыйзамсыздыкты токтоткула», — деп талап кылды Ольга Труханова.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Учурда кармалган адамдардын ичинен Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков жана Талант Эшалиев үй камагына чыгарылып, 20дан ашык киши №1 тергөө абагында кармалууда. Андан тышкары, Канат Исаев үй камагында. Ал былтыркы октябрь айындагы жапырт камоолор учурунда 2017-жылдагы иши боюнча кармалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Жапырт камоолор. Канча киши жана кимдер камалды?

Exit mobile version