Site icon Reporter.kg

Бишкекте үч жигит мектеп окуучусун тоноп кетишти

Бишкекте тоноо фактысына шектелгендер кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга 14 жаштагы жабырлануучунун апасы кайрылган. Анын айтымында, Осмонкул жана Жданов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар физикалык күч колдонуп, баласынын уюлдук телефонун жана 10 миң сомун тартып алышкан.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 23 жаштардагы  Д.Н. менен К.С. , ошондой эле 22 жаштагы Р.А. кармалышкан. Үчөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кармалгандар борбор калаада жасалган ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси болушу мүмкүн. Кол салгандардан жабыр тарткандар 0700611119, 0703553000 же 102 телефондоруна кайрылса болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version