Site icon Reporter.kg

Мамлекеттик мүлк агенттиги кайрадан түзүлдү

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик болуп кайра түзүлдү. Бул  тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Бул чара мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин оптималдаштырууга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча функцияларын күчөтүүгө багытталган.

Азыркы учурда Мамлекеттик мүлк фонду мамлекеттин атынан экономиканын ар кандай секторлорундагы 42 чарбалык коомдо акционер болуп келет. Ошондой эле 88 мамлекеттик ишкана төмөнкү багыттарда иш алып барат: транспорт жана байланыш чөйрөсүндө – 11 мамлекеттик ишкана, байланыш, телекөрсөтүү жана инновациялык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө – 12 мамлекеттик ишкана, айыл чарба чөйрөсүндө – 24 мамлекеттик ишкана, мамгеология системасында – 2 мамлекеттик ишкана, ар кандай кызматтарды көрсөтүү – 39 мамлекеттик ишкана.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version