Site icon Reporter.kg

Жогорку соттун төрагасынын жаңы орун басары дайындалды

Шералы Камчыбеков Жогорку соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров кол койгон.

Камчыбеков Шералы Равшанбекович 5 жылдык мөөнөткө Жогорку соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Буга чейин Давлетов Айбек Абубакирович өз каалоосу боюнча Жогорку соттун төрагасынын орун басары кызматынан бошотулган.

Жогорку соттун төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version