Site icon Reporter.kg

Россиянын эки шаарына Кыргызстандын консулдуктары ачылат

Санкт-Петербург жана Казань шаарларында Кыргызстандын жаңы башкы консулдуктары пайда болот. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Россиянын Санкт-Петербург жана Казань шаарларында Кыргыз Республикасынын жаңы башкы консулдуктары пайда болот.

Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду.

Документтерге Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россияда мыйзамдуу ыңгайлуу жүрүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында кол коюлган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version