Жарандар үй тибиндеги бала бакчаларды ачууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, “Мамлекеттик акселераторлор” программасынын “ Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу ” долбоорун ишке ашыруу боюнча жумушчу топ ушул долбоордун алкагында катталган жеке ишкерлер, кварталдык, үй комитеттеринин төрагалары жана “Арча-Бешик”, “Ак-Ордо”, “Ак-Өргө”, “Ала-Тоо” конуштарынын тургундары жолугушту.
Жумушчу топтун курамына Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл А.Чынбаева, Ленин районунун акиминин орун басары А. Джунусова, Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы А. Арстамбекова, Билим берүү жана илим министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар, Санэпидстанция, Салык кызматы жана министрликтин өкүлдөрү кирет.
Мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын өкүлдөрү турак жайларда (жеке үйлөр жана батирлер) үй тибиндеги балдар бакчасын ачуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө айтып беришти.
Жыйындын катышуучулары үй шартында бала бакчаларды ачуу демилгеси колдоого татыктуу экенин айтып, долбоор ишке ашса, аялдар үчүн чоң мүмкүнчүлүк болорун белгилешти.
Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май райондорунда мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөтүү боюнча үч күндүк окуудан өтүүнү жана жаңы имараттарда үй тибиндеги бала бакча ачууну каалаган жарандардан арыздар чогултулуп жатат.
Арызды төмөнкү шилтеме боюнча толтурса болот: https://forms.gle/Lg83uMtn4Ts2R14FA.
Үй шартында бала бакчаларды ачуу демилгеси Министрлер кабинети тарабынан « Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу » долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.
Бул программага Ленин району боюнча 120дан ашык аял катталган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз