Site icon Reporter.kg

«Убакытым өтө аз калды»: Ташиев кечээки постун чечмелеп берди

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев «Менин убактым аз калды, үлгүрүшүм керек» деген маанини камтыган кечээки Фейсбуктагы постуна «Регион» телеканалына  маек берип жатып чечмелеп берди.

Журналист УКМК башчысы «Менин убактым аз калды, үлгүрүшүм керек» деген сөзү менен эмнени айткысы келгендигин сурады.

Ал эми Ташиев төмөндөгүдөй чечмелеп берди:

«Негизи бул суроону мага көп беришти. Бардыгы эмне үчүн убакыт аз калды, эмнеге аз калды, өзүңүз жөнүндө айтып жатасызбы деп кызыгып сурап жатышат. Туура, мен өзүм жөнүндө айтып жатам. Себеби мунун баары жумуш менен байланышкан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти башкаруу убактысы менде деле азайып жатат. Мен бул жерде түбөлүк отурбайм. 2,5 жыл убакыт өтүп кетти. Демек, биз пландалган жумуштарга үлгүрүп калышыбыз керек» деди.

Кечээ, 24-май күнү пост жазып мамлекеттик чиновниктерге катуу эскертүү берип, жемкорлук боюнча пикирин жазган болчу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Камчыбек Ташиев чиновниктерге катуу эскертүү берди

Exit mobile version