Site icon Reporter.kg

Чүй: Бала бакчадан өрт чыкты

Чүйдөгү бала бакчадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Сокулук районунун Шопоков шаарында жайгашкан бала бакчадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, өрттү өчүрүүгө саат 18:15те Сокулук райондук №23 өрт куткаруу бөлүгүнөн жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен 19:39да толугу менен өчүрүлдү. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version