Site icon Reporter.kg

БШК Улан Сариевдин каттоосун жокко чыгарды

5-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы Ленин районунан депутаттыкка талапкер Улан Сариевди каттоону жокко чыгарды.

2-июнда БШКга УКМКнын Бишкек башкармалыгынан маалымат келип түшкөн, анда талапкер Сариев шайлоонун жүрүшүндө бир катар мыйзам бузууларга жол бергени айтылат:

Бул тууралуу комиссиянын жыйынында УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өкүлү билдирди. Кылмыш ишин козгоо боюнча эч кандай өтүнүч болгон жок.

БШК мүчөлөрү талапкер Улан Сариевди каттоону жокко чыгарышты. Каттоодон баш тартууга шайлоо фондуна кирбеген каржылык каражаттарды колдонуу себеп болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version