Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +18…+23
күндүз +35…+40
Талас облусу
түнкүсүн +16…+21
күндүз +33…+38
Баткен облусу
түнкүсүн +20…+25
күндүз +35…+40
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +20…+25
күндүз +35…+40
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн +11…+16
күндүз +25…+30
Нарын облусу
түнкүсүн +5…+10
күндүз +22…+27
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетип, абанын түнкү төмөнкү температурасы 21…23°, күндүзгү жогорку температурасы 38…40° жылуу болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз