Site icon Reporter.kg

Артем Новиков эми улук лейтенант (Видео)

Коргоо министр Таалайбек Өмүралиев Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондусунун башчысы Артем Новиковго улук лейтенант наамын ыйгарды. Бул боюнча Новиков өзү фейсбуктагы баракчасына жазып, видеосу менен кошо жүктөдү.

Маалыматка караганда, Баткен облусунда болгон чек ара чырында күч структураларын мыкты координациялаганы үчүн жана мамлекеттик органданды ар тараптан колдоого алып келгендиги үчүн сыйлады.

Exit mobile version