Site icon Reporter.kg

Милиция кызматкери пара менен кармалды (Сүрөт)

Бишкек шаардык патрулдук милициясын 64 миң сом пара алып жаткан жеринен Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы колго түшүргөн.  Бул туурасында УКМК басма-сөзү билдирди.

“А.А.К” атту милиция кызматкери таанышы менен жең ичинен сүйлөшүп алып, “зордуктоо боюнча соттолуп кетесиң” деп коркутуп Бишкек шаарынын тургуну “С.К.Б” 100 миң сом пара талап кылган.

Пара талап кылуу боюнча жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө жүрүүдө. Ушул тапта УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Окуя кайсы маалда болгону туурасында маалыматта айтылган эмес.

 

Exit mobile version