Site icon Reporter.kg

Бишкек мэриясы 50 карыяны эс алдырууга алып кетти (Сүрөт)

Мүмкүнчүлүгү чектелген, жардамга муктаж 50 карыяны Ысык-Көлдүн “Алтын булак” пансионатына эс алдырууга алып кетти. Мекеменин маалымат кызматы бусик менен жолдо бара жаткан карыялардын сүрөттөрүн жарыялады.

Мындан тышкары калаа бийлиги ден-соолуктарына кам көрүп, керек болсо кийим-кечектерине чейин бермей болушуптур. Көйнөк, бут кийиминен тарта керектүү кийимдер менен камсыздашаарын айтышты маалымат кызматы.

Канча күнгө эс алдыраарын жана канча каражат кетээрин ачык жазышкан эмес.

Exit mobile version