Site icon Reporter.kg

Бишкек: Жол кырсыгынан 3 киши жараат алды

Жукеев-Пудовкин менен Безымянная көчөлөрүнүн кесилишинде Мерседес Бенц жана Хонда Фит унаалары сүзүшкөн. Натыйжада үчөө жабыр тартканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Кырсыктын кесепетинен 2 эркек (1973-жылы туулган Ч.Т., 2000-жылы туулган Н.А.) жана 2007-жылы туулган Н.А. аттуу кыз жеңил жаракаттарды алышкан.

Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Exit mobile version