Site icon Reporter.kg

Баткен: Борбордук базардан өрт чыкты (Видео)

Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндөгү борбордук базардан өрт чыкты.  Маалымат келээр замат 5 өрт өчүрүүчү бөлүм, 18 куткаруучу окуя болгон жерге барып, абалды жөнгө сала баштаган.  Өрт таңкы 05:35 те токтогон. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.

Өрттүн кесепетинен болжол менен 2500 чарчы метр аянты күйгөн, жабыркагандар жок.

Өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатабы же жокпу белгисиз. Ошондой өрт кайсы маалда тутанганы туурасында да министрлик ачык жазышкан эмес.

Exit mobile version