Site icon Reporter.kg

Талас: Жеңил уунаа жүк ташуучу унааны сүзүп, экөө каза тапты

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерине Audi 100 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калганын айтып берген. Кырсыктын кесепетинен бир адам жеринде каза болсо, дагы бир киши ооруканага жетпей каза тапкан.

Кырсык түндө саат 01:40тар чамасында Чолпонбай айылында болгон.

Окуя болгон жерге 5 куткаруучу келген, ал эми каза болгондордун сөөгүн Тез жардам кызматы алып кеткен.

Exit mobile version