Site icon Reporter.kg

Нарматова бошотулуп, Москвага учмай болду

ИИМдин сурагынан чыккан Орозайым Нарматова Москвага учуп кетээрин билдирди. Ал сурактан эмнелерди айтканын ачыкка чыгарбоого тил кат жазып калтырган. Ал фейсбуктагы баракчасында колдоочуларына ыраазылыгын айткан.

«Урматтуу мекендештер! Мага колдоо көрсөтүп, көңүл айтып, чындык үчүн бир болгонуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем! Азыр мени атайын кызматкерлер туугандарымдын үйүнө алып келишти. Буйруса эрте менен Москва шаарына узатып коюшат. Менде баары жакшы! Тергөө иштерин ачыктабоо боюнча кол койдум, түшүндүрүү иштери болду, рахмат баарыңыздарга. Буйруса кененирээк эртең айтамын, Кудайым ыраазы болсун баарыңыздарга! Сиздерди кыжаалатка салганым үчүн кечирим сураймын.»

Нарматова «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү 10-сентябрда Оштон милиция кармап, Бишкекке суракка алып келген. Ага «бийликти негизсиз сындады» деген айып тагылганы кабарланган.

Exit mobile version