Site icon Reporter.kg

Аялын өлтүрүүгө шектүү 60 саатка коомдук жумушка тартылды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук соту өз үйүндө асынып өлгөн келиндин өлүмүнө шектүү күйөөсү сот залынан бошотулду. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Андагы маалыматка ылайык, Ала-Бука райондук милициясына 33 жаштагы аял өз үйүндө асынып алганы боюнча маалымат түшкөн. Окуя 2020 -жылдын 22 жана 23 –сентябрында болгон. Ошол күнү саат 21:00 чамаларында айыпталуучу (А.А.У.) аялына (А.Р.О.) “дайыма мен айткан сөздөргө кулак салбай, мага сөз кайтарасың” жана “уул төрөп бербейсиң” деп ур-токмокко алган. Зомбулуктан кийин аял үйүнүн короосундагы жүзүм кармоочу устунга асынып, каза болгон.

Жубайлар 15 жылдан бери бирге жашап, алар төрт кыздуу болгон. Учурда кыздар чоң энесинин колунда тарбияланып жатышат.

Соттук отурумда айыпталуучу күнөөнү мойнуна жарым-жартылай алды. Анын айтымында, ал аялы менен уруша кетип “ачуу үстүндө бир жолу гана бетке чаап жиберген”. Ал эми уруштун эртеси күнү ал аялын асынган абалда тапкан.

Күбө катары суралган маркумдун тайэжеси өмүрүн кыйган аял эркек төрөбөгөнү үчүн күйөөсү менен урушуп жүргөнүн айтып берген. Ошондой эле аял үчүнчү кызын төрөгөндө жолдошу төрөт үйүнө таптакыр эле барган эместигин белгилеген.

Анткен менен маркум “кыздарын жетим кылбайын деп, өлөөр-өлгөнчө чыдап күйөөсү менен жашаган” дейт маркумдун тайэжеси. Ошондой эле күбө айыпталуучу “дайыма арак ичип жаңжал салып жүргөнүн” кошумчалаган.

“Саат 22:21 чамасында маркум мага телефон чалып, “келип калыңыз, аябай уруп салды, көзүм көрбөй калды” деген. Мен өзүм ооруп жаткандыктан “баягы эле уруштун бири” деп бара албадым, “кайын энеңди чакыр” деп айттым. Эртеси күнү ал асынып алыптыр деген кабар келди”,- деп эскерди ал күндү маркумдун тайэжеси.

Маркумдун агасы айыпталуучу арак ичип, чыр салып жүргөнүн жана маркумду сабап жүргөнүн тастыктады. Анткен менен соттук отурумда айыпталуучунун апасы менен бир туугандары бул маалыматтарды четке кагышты.

Айыпталуучунун кошунасы 23-сентябрында эртең мененки саат 04:30 чамасында, кошунасы А.К.Ш. “апам өзүн асып алыптыр” деп ыйлап чакырып келгенинен барса, аял жүзүмдүн багына асылып турганын көргөнүн, жипти кайчы менен кыркып, келинди үйгө алып киришип, биринчи жардам көрсөтүшкөн. Бирок, келин каза болуп калганын билгенден кийин, башкаларга кабар беришкенин жана бул үй-бүлөнүн уруш-жаңжалын, маркумдун жолдошун спирт ичимдигин ичкенин көрбөгөнүн айткан.

Экспертиза айыпталуучу маркумдун денесине жеңил жаракат келтиргенин аныктаган. Ала-Бука райондук сот айыпталуучуну “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” жана “Үй-бүлөдөгү зомбулук” беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Ошондой эле сот ага “Жазык Кодексинин” 136-беренесинин 1-бөлүгү менен беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Ошол эле учурда судья соттолуучуга үч жылдык пробациялык көзөмөл колдонуп, сот залынан бошотту. Айыпталуучу мыйзамдуу күчүн кирген учурдан тартып, он күндүн ичинде жашаган жери боюнча пробация органына барууга, пробация органынын уруксаатысыз өлкөнүн чегинен чыкпоого, пробация органына жашаган жери, иши жөнүндө ошондой эле пробация органына мезгил-мезгили менен келип турууга, жашаган жеринен кыска мөөнөткө чыгып кетүү зарылдыгы болгондо пробация органынан уруксаат алууга, алкоголду ичпөөгө, бангилик, психотроптук заттарды колдонбоого милдеттендирилген.

Андан сырткары айыпталуучу КРнын “Жоруктар жөнүндө Кодексинин” 75-беренеси менен 60 саат коомдук жумуштарга тартылды.

Exit mobile version