Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун куруу жана Луговая-Балыкчы темир жолун электрлештирилет. Бул боюнча “Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы менен Кытай темир жолдору №3 инженердик корпорациясы кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул документ Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун куруу жана Луговая-Балыкчы темир жолун электрлештирүү боюнча инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу максатында кол коюлган.
Жакын арада бул кытайлык компаниянын өкүлчүлүгүнүн делегациясы Кыргызстанга келип, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кеңири талкуу жүргүзүшү күтүлүүдө