Site icon Reporter.kg

“Министрлик, министирлик”. Министрликтеги жазуу талкууга калды

Инвестиция министрлигиндеги жазуу социалдык тармакта талкууга айланды. Журналист Эрнис Нурматов өзүнүн баракчасына “журналисттер арасында «министрлик» деген сөздү «министирлик» деп жазгандар көбөйүп бараткан. Эми министрликтердин өздөрүнө чейин жетиптир” деп сынга алган.

Бул сүрөт коомчулуктун талкуусуна калды. Саясатчы Эмилбек Каптагаев “министир, министирлик — деген туура, тилдин өз мыйзамы боюнча” деген сунушун берди.

Ал эми Айгүл Жунушалиева деген фейсбук колдонуучусу “кыргыз тилинин грамматикалык эрежелери сакталышы керек” деди.

Мамлекеттик тил комиссиясы көрнөк-жарнактарды айып менен ооздуктоого аракет кылышат.  Бирок, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин имараттарынын сырткы жасалгоолорундагы жазуулардагы каталар үчүн, иш кагаздарындагы каталар үчүн кандай чара колдонулат белгисиз.

Коомчулукта кайчы пикир жараткан жазууларга кандайдыр бир мамилени өзгөртүү керек деген талап коюлууда.

Бүгүн 23-сентябрь мамлекеттик тил күнү.

 

Exit mobile version