Site icon Reporter.kg

Бишкек: Мэрияда иштейм деген мас аял чуу чыгарды (ВИДЕО)

Бизон ютуб каналына жүктөлгөн видеодо өзүн мэрияда иштейм деп тааныштырган айым түн ичинде мас абалында чуу чыгарды.

Такси кызматын чакырып, акчасын бербей, көп суммадагы акча жоготтум деп айдоочунун тынчын ала баштаган. Ошол маалда айдоочу милицияны чакырган. Окуянын чоо-жайын териштире баштаган. Акыры милиция бөлүмүнө алып келген. Бирок, соңунда кимиси күнөөлүү болгону белгисиз бойдон калган. Видеодо оозго алгыз сөздөр менен ашата сөккөндөрүн да угууга болот.

Учурда шаардык милиция бул факты боюнча тактап жатат.

 

 

Exit mobile version