Site icon Reporter.kg

Бишкек: Айла кафесинен өрт чыкты (ВИДЕО)

Бишкек шаарынын Койбагаров көчөсүндө жайгашкан «Айла» кафесинен өрт чыкты. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигин маалымат бөлүмү кабарлады.

Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө бүгүн таңкы саат 04:44тө жалпы 3 бөлүм келген. Алар саат 05:18де аракеттерди баштап, Биринчи-Май райондук өрт өчүрүүчүлөр 1 суу ташуучу унаа менен өрт саат 06:04тө от толугу менен өчкөн.

Ушул тапта өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

 

Exit mobile version