Хусеин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган илимий иш- чара өттү – сүрөт

Хусеин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган илимий иш- чара өттү – сүрөт

Хусеин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган илимий иш- чара өттү. Бул тууралуу Маданият маалымат жана туризм министрлигинин орун басары Илязбек Балташев “Фейсбук” баракчасына жазды. 

Ага ылайык, иш — чара кечээ, 21- январда Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн Анда кыргыз элинин алгачкы агартуучуларынын бири, педагог, котормочу, публицист, туңгуч лексикограф жана лексиколог Хусеин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган илимий иш- чарага болгон. Ага белгилүү илимпоздор, тилчилер журналисттер чакырылган. 

Эске салсак, мындан туура бир ай мурда Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия залкар окумуштуу Хусеин Карасаевдин 120 жылдыгына карата бир айлык өнөктүк жарыялаган. Анда залкар инсандын өрнөктүү өмүр жолун жаштарга үлгү кылуу, эмгектерин, илимий мурасын жайылтуу, коомчулукту сабаттуулукка үндөө, кыргыз тилинин байлыгын даңазалоо пландалган.

[su_image_carousel source=»media: 54616,54617,54618,54619″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>