И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Борбордук Азиядагы диний билим берүүнүн өтмүшү, учурдагы абалы жана келечеги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин баштады.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ №412 Жарлыгы жана 2021–2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясын ишке ашыруу алкагында уюштурулду. Конференция И.Арабаев атындагы КМУнун 80 жылдык мааракесине жана Теология факультетинин 2024–2025-окуу жылына карата илимий-изилдөө жана эл аралык байланыштар боюнча иш-планына ылайык өткөрүлүүдө.
Иш-чараны КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана И.Арабаев атындагы КМУнун Дин таануу институту биргелешип уюштурушкан.
Конференцияны ачып жатып, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева катышуучуларды куттуктап, Борбор Азиядагы диний билим берүү тармагында илимий жана инновациялык трансформацияга ийгиликтерди каалады.
Иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Татарстан, Түркия, Малайзия жана Россиядан келген университеттердин ректорлору, изилдөөчүлөр, теологдор, дипломатиялык корпустун жана жергиликтүү билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышууда. Конференция гибриддик форматта өтүп, анын материалдары жыйнак түрүндө жарыяланат.