Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилик кызматынан Ибрагим Жунусов бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Бул туурасында мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Өзбекстандын элчиси болуп 2018-жылдын 4-декабрында дайындалган.